Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Урматтуу өлкөбүздүн маалымат жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү менен СДПК  фракциясынын жана жеке өзүмдүн атымдан кызуу куттуктаймын!

1924-жылдын октябрында  уюштурулган автономдуу облусубузда   7-ноябрда эне тилибизде алгачкы  гезиттин жарык көрүүсү  - мамлекеттигибиздин кайра жаралуусун, эркиндикти эңсеген элибизге тилин, маданиятын, адабиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кеңири жол ачылгандыгын символдоштурган саясый, социалдык зор мааниси бар окуя болгон. Төл башы басылмабыз 1930-жылдардын ортосуна чейин  маалыматтарды таркатып, саясатты жүргүзүүнүн гана каражаты эмес, калктын сабатын жоюуда «Алиппе» катарында да кызмат өтөгөн. «Эркин тоо» чындыгында ак жолтой болуп, кийин  ондогон басылмалардын, чыгармачыл уюмдардын жаралуусуна жол ачты. Улуттук басма сөзүбүздү негиздегендердин көбү адабиятыбыздын, маданиятыбыздын, илимдин жана билимдин, мамлекетти башкаруунун чыгаан ишмерлерине айланышты.

Өлкөбүз эгемендикке келгени,  200гө  жакын гезит, ондогон журналдар  чыгарылды, 60ка жакын теле жана радиолор, 50гө жакын электрондук маалымат каражаттары  иштеп жатат. Телекоммуникациянын өнүгүүсү менен  элибиз санариптик форматтагы  теле берүүлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк алып, учурда  телевидение тармагы жаңы бийиктикке чыгып, жаңы сапаттык баскычка көтөрүлдү. Эң негизгиси, мамлекетибиздеги  теле, радио, гезиттердин  терс көрүнүштөрдү ашкерелеп, коомдук пикир түзүүдөгү ролдору жылдан жылга артып баратат. Азыр жалпыга маалымдоо каражаттарысыз бир күн да жашоону элестетүүгө мүмкүн эмес. Маалымат каражаттарынын коомдук пикирди түзүүдөгү, мамлекеттин саясатын элге жеткирүүдөгү, элдин биримдиги менен ынтымагын  арттырып, коомдо туруктуулукту камсыз кылуудагы жана өлкөнүн экономикалык, социалдык турмушунун оң, терс жактарын  ачып берүүдөгү ролу эбегейсиз.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу кызуу куттуктап, бекем ден-соолукта, аманчылыкта жана байгерчиликте демократияны, айкындыкты жана маалымдуулукту камсыз кылууда албан-албан ийгиликтерге жетише берүүңүздөрдү каалаймын! Асманыбыз дайыма ачык болуп, эгемендүү өлкөбүздүн  арышы артып, өркөнүбүз өсө  берсин!

Майрамыңыздар менен!

 

Иса Омуркулов

СДПК фракциясынын лидери