Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Канат Керезбеков профилдик комитеттин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча Комитеттин төрагасын шайлоо болуп өттү.

Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен 106 депутат СДПК фракциясынын депутаты Канатбек Керезбековду аталган комитеттин төрагалыгына колдоп добуш беришти.

Эскертке кетсек, буга чейин аталган комитетти депутат Асел Кодуранова жетектеп келген, ал кечээ ЖК төрагасынын орун басары болуп шайланган.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы