Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикер

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-ноябрдагы жыйынында СДПК фракциясынын депутаты Асел Кодуранованы  вице-спикерликке шайлоо болуп өттү.

Депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Асель Кодуранова   91 депутаттын колдоосуна  ээ болуу менен  Жогорку Кеңештин төрага орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигине 1 депутат каршы добуш берген.

Белгилей кетсек, Асел Кодуранованын талапкерлиги буга чейин фракцияда, профилдик комитеттерде жактырылган.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы