Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Депутат чек ара маселеси боюнча сунуш киргизди

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улан Примов кыргыз-казак жана кыргыз-кытай чек арасы боюнча өкмөттү чакырып, чек арада эмне маселе болуп жатканын жабык талкуулоону сунуштады.

Депутат “Чек ара маселеси боюнча өкмөт өзүнүн аракетин кылып жатат. Бирок өзгөрүү болгон жок. Бүгүн премьер-министрди, бул көйгөйгө тиешелүү министрлерди чакырып жабык эшик артында маалымат уксак. Депутаттар абалдан чыгуу үчүн өздөрүнүн сунуштарын берсе жакшы болот”-деди.

www.fakt.kg