Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Эльвира Сурабалдиева: Көчөлөр крим төбөлдөрдүн ысымдары менен атала баштабайбы?

Жогорку Кеңештин 1-ноябрдагы жыйынында депутаттар географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун талкууга алышты.

Талкуунун жүрүшүндө СДПК фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева көчөлөргө крим төбөлдөрдүн ысымдарынын  берилүүсүнө жол бербөө зарылдыгын айтты.

«Мындан 2-3 жыл мурда Бишкек менен Ош шаарындагы көчөлөргө крим төбөлдөрдүн ысымдарын берүү аракеттери болгон. Дагы ошондой кырдаал жаралбайбы? Шайлоо алдында бизге эл бир нерсени куруп берүү, же ремонттоп берүү өтүнүчтөрү менен көп кайрылышат. Эгерде эл ушундай эле өтүнүчтөр менен акчалуу адамдарга кайрылып, жардам көрсөтсө анын ысымын көчөгө  ыйгара тургандыктарын айтышы ыктымал. Ушуга окшогон көрүнүштөр орун алса, келечекте көчөлөр крим  төбөлдөрдүн ысымдары менен атала баштабайбы? Анткени, белгилүү, аттуу-баштуу коомдук ишмерлердин арасында да крим авторитеттер жок эмес», - деди депутат Э. Сурабалдиева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы