Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кыргызстанда бензин кымбатташы ыктымал…

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев ушундай пикирде. Бул тууралуу ал ЖКнын  экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин бүгүнкү жыйынында айтты.

«Дүйнөдө нефтиге болгон баа көтөрүлдү. Кыргызстанда болсо дизель жана бензинге тартыштык пайда болууда. Ошондуктан алардын баасы кескин жогорулашы ыктымал. Экономика министрлиги бул маселени катуу көзөмөлүнө алышы абзел. Россиялык нефти иштетүүчү заводдор пошлинаны өзгөртөбүз деп  жатышат. Ошондуктан министрлик азыртан келерки жылга керектүү күйүүчү майларды алып келиши керек. Россия тарап менен көлөмүн сүйлөшүп, пошлинасыз алып келүүгө аракет көрүү зарыл», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы