Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Азамат Арапбаев: Иш жүзүндө Казакстан эмбарго киргизип койду

Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 31-октябрдагы жыйынында айтты.

Депутаттын айтымында, Казакстан тарап ачык айтылбаган эмбарго киргизип койду. «Казакстандын  чек араларда  катуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканына 21 күн болду. Муну менен алар биздин ишкерлер үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратышты. Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандан 2 өкүл бар, бирок алар бул маселе боюнча ооз ачыша элек. Өкмөт башчы менен экономика министри аракеттерди кылып жатышат, бирок ЕЭК тараптан эч кандай иштер жүрбөй жатат», - деди эл өкүлү.

Муну айтуу менен А. Арапбаев алардын кызмат ордуларына ылайыктуулугу менен жоопкерчилик маселесин кароону сунуш кылды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы