Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Улуу Октябрь революциясынын Күнүн эч ким жокко чыгарган жок

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 31-октябрдагы жыйынында 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоору талкууланды.

Бул боюнча баяндама жасаган депутат Айнуру Алтыбаева өлкө башчысы  26-октябрда  «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» Жарлыгын чыгарып,  ага ылайык,  жылына 7-8-ноябрь күндөрү  тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күрдөнү катары белгилөө каралган.  Өз сөзүндө депутат аталган Жарлыктын негизинде  Жогорку Кеңеш  тиешелүү токтом кабыл алуусу зарылдыгын белгилеп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Комитеттин айрым мүчөлөрү Жогорку Кеңештин атайын  мыйзам менен кабыл алынган  Улуу Октябрь революциясынын Күнүн  токтом аркылуу жокко чыгаруу укуктук жактан  канчалык туура болоруна кызыгышты.

Бул боюнча сөз алган СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов токтом 7-ноябрды майрам катары жокко чыгарбай турганын, токтом президенттин Жарлыгын колдоо иретинде кабыл алынарын түшүндүрүп өттү.

«Токтомдун долбоору президенттин Жарлыгын  колдоо менен 7-8-ноябрды революцияда курман болгондорду гана эмес, 1916-жылдагы Улуттук боштондук күрөштүн жана 1937-жылдагы репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары да  кабыл алууну карайт. Мында биздин бардык тарыхыбыз жатат, биз ал тарыхты дайыма эстеп, эскерип турушубуз кажет. Муну менен тарых барактарын өчүрүп жаткан жокпуз. 7-ноябрь тарыхый күн катары кала берет. Мен дагы эски коммунистмин. Биз кошумча 8-ноябрды киргизип жатабыз. Токтом менен мыйзамды жокко чыгарбайбыз», - деди Иса Омуркулов.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин аталган токтому бардык нормативдик-укуктук актыларды өткөрүү   процедураларын  сактоо менен кабыл алынып жатканын белгиледи.

Жыйындын соңунда Комитеттин мүчөлөрү бир добуштан Токтомдун долбоорун кабыл алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы