Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Профилдик комитет вице-спикерлик кызматка Асел Кодуранованын талапкерлигин бекитти

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин жыйынында ЖКнын вице-спикерлик кызматына  СДПК фракциясынын депутаты Асел Кодуранованын талапкерлигин бекитти.

СДПК фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев фракциянын жыйынында Асель Кодуранованын талапкерлигин вице-спикерликке сунуштоо боюнча чечим кабыл алынганын белгиледи.

Талкуунун соңунда Комитеттин мүчөлөрү Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырышты.

Эскерте кетсек, Данияр Төлөнов өз каалоосу менен кызматтан кеткенден кийин  Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызмат орду бош калган.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы