Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: «Дыйкан» базарынын жери кимдир бирөөлөргө керек болуп жатат

Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар  архитектура жана курулуш боюнча  комитетинин 31-октябрдагы жыйынында айтты.

Анын айтымында, ушул жылдын 23-майында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы «Дыйкан» базары менен келишимди бир тараптуу бузган, учурда сот процесстери жүрүүдө. Эсеп палатасы келишимдин бузулуусунан мамлекетке 179 млн. сом зыян келерин аныктап чыккан. Депутат базардын жанында депутаттарга тиешелүү эки нефти базасы бар экенин кошумчалады. Анын белгилөөсүндө, базарды жабууда  нефти базада өрт чыгуу коркунучу бардыгын  аргумент кылышкан.

Ошону менен бирге депутат базардын территориясы кимдир бирөөгө керек болуп жатканын баса  белгилеп, Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакуловдун «КТЖ» ишканасына, Бишкек мэриясына жана ИИМге базарды жабуу зарылдыгын айткан жыйындын протоколун окуп берди. Ошондой эле депутат «КТЖ» ишканасынын жетекчиси Алмаз Ногойбаевдин ЖКнын профилдик комитетине базарды сактап калуу өтүнүчү менен кайрылганын билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы