Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Жакшы тасманын бюджети дайыма эле жогору болбойт

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитеттин 30-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1804-VI “Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмге мамлекеттик заказ тууралуу” токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулду.

Жыйындын жүрүшүндө маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Кожомкул тууралуу тасма тартууга 70-210 млн. сом керек экенин айтты.

«Биз тасмага бир канча сценарийди караштырып жатабыз. Эгерде тасма Болот Шамшиевдин сценарийи боюнча тартыла турган болсо, анда 210 млн. сом керек, башка сценарий менен болсо 70 млн. сомго жакын каражат керек. Анын ичинде 2017-жылга  25 млн. сом, 2018-жылга  45 млн. сом бөлүп берүү зарыл», - деди Б. Секимов.

Жыйында Рыскелди Момбеков маданият министрлиги  режиссерлордун жетегинде калып жатканын белгилеп, министрликти сынга алды.

«Эмне үчүн тасмага кетчү чыгымды 70 млн. сомго такап жатасыңар? Эми болсо 3 эсе көп – 210 млн. сом каржы сурап атасыңар. 2 млн. сомго эл аралык сыйлыктарды алган тасмаларды тартып жатышпайбы», - деди Рыскелди Момбеков. Муну менен эл өкүлү бул маселеде жеке кызыкчылыкты өлкө кызыкчылыгы менен аралаштырбоо зарылдыгын баса белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы