Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов: Пенсияларды чегерүүдө теңдик принциби бузулууда

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 30-октябрдагы жыйынында депутаттар «Социалдык фонддун 2016-жылдагы бюджетинин аткарылуусун бекитүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты.

Жыйында СДПК фракциясынын депутаты Улан  Примов Соцфонддун отчету жакшы экенин белгилеп, бирок бүгүнкү чакырык жана коркунучтарга жооп берүү үчүн пенсияллык системада кардиналдуу реформаларды жүзөгө ашыруу зарыл экенин билдирди. Ошондой эле депутат аскер кызматкерлери, мугалимдер жана дарыгерлердин  пенсиялык укуктарындагы айырмачылыктарга токтолду.

«Укук коргоо кызматкерлери пенсияга 38-45 жашында чыгышып, 12-15 миң сом пенсия алышат, ал эми мугалимдер 30-40 жылдык стаж менен пенсияга чыгышат да, 2,5-5,5 миң сом пенсия алышат. Ошону менен бирге укук коргоо кызматкерлери социалдык чегерүүлөрдү жүргүзүшпөйт, кошумча нарк салыгын төлөшпөйт. Албетте, алар да биздин жарандар, бирок мында тең укуктуулук деген кайда?», - деген суроо салды депутат.

Социалдык фонддун башчысы Т. Абжалиев аскер кызматкерлеринин пенсиялык саясатын КРнын Башкы штабы жүргүзөрүн  билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы