Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Нодирбек Каримов: Пенсионерлердин 42 %ы минималдуу жашоо керектөөсүнөн төмөн пенсия алышат

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 30-октябрдагы жыйынында депутаттар «Социалдык фонддун 2016-жылдагы бюджетинин аткарылуусун бекитүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты.

Жыйындын жүрүшүндө СДПКчы депутат Нодирбек Каримов пенсионерлердин 42 %ы төмөнкү өлчөмдөгү пенсия аларына токтолду. «Кыргызстанда 260 миң пенсионер, же жалпы пенсионерлердин 42 %ы минималдуу жашоо керектөөсүнөн төмөнкү өлчөмдөгү  пенсия алышат. Бул пенсионерлердин сезилерлик бөлүгү 5 миң сомдон аз пенсия алат дегенди билдирет. Пенсия өлчөмүн көбөйтүү үчүн кошумча каржы булактарын таап, пенсиялык системада кардиналдуу реформаларды ишке ашыруу зарыл», - деди депутат.

Сөз алган Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров жылына инфляцияны эске алуу менен пенсия өлчөмүн индексациялоо жүргүзүлөрүн, жылдан жылга аз пенсия алгандардын саны кыскарып жатканын айтты. Анын айтымында, 2011-жылы 77,5 % пенсионерлер минималдуу жашоо керектөөсүнөн  төмөн пенсия алышкан болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 42 %ды түзгөн.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы