Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Темир Жумакадыров мекенчил азаматтардын бири эле

     Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Курмангазиевич Жумакадыровдун  кырсыктан  улам мезгилсиз дүйнɵдɵн кайткандыгына байланыштуу жеке ɵзүмдүн жана Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын атынан маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен кɵңүл айтып, аза кайгысын тең бɵлүшɵм.  

     Темир Жумакадыров ɵз ɵлкɵсүнүн мекенчил уулу эле. Ал келечегинен кɵптү үмүттɵндүргɵн жаш адис катары  билимдүү, илимдүү,  кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган мамлекеттик ишмер болчу. Ал кɵзү тирүү болсо, келечекте Кыргызстан, кыргыз эли үчүн чоң эмгек кылмак. Анын  жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбɵлүккɵ сакталып калат.

     Ошондой эле Темир Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиев менен айдоочусу Нурбек Мукановдун да жакындарына кɵңүл айтам. 

      Маркумдардын топурагы торко, жаткан  жерлери жайлуу болсун. Жараткан маркумдарга  бейиштен орун берсин.

Иса Омуркулов,

Жогорку Кеңештин СДПК

фракциясынын лидери