Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сооронбай Жээнбеков таластыктарга: Төө буурчакты сатууда ортомчулар болбош керек

    Төө буурчак эркин, ортомчуларсыз сатылыш керек, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Талас шаарында Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып. Таластыктар көбүнчө төө буурчак рыногунда баа саясатына байланышкан суроолорду беришти. 

    Сооронбай Жээнбеков төө буурчак рыногуна республика ичиндеги да, сыртындагы да бардык потенциалдуу сатып алуучулар киргизилиши керектигин белгиледи. “2016-жылы премьер-министр кезимде мен рынокко тоскоол жаратпай, баарын киргизүү, ал эми тоскоол жаратып, ортомчулук менен алектенип, төөбуурчакка болгон бааны атайын түшүргөндөргө карата жаза колдонуу маселесин койгом. Менин байкашымча,  2016-2017-жылдары анын баасы жакшы деңгээлде кармалып турду”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.