Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сузак районунун ардагери Казыбек Абдыкалыков: Бир да талапкер Сооронбай Жээнбековдой айыл чарбасын билбейт

    Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айыл чарбасын жаңы тепкичке көтөрөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ардагери Казыбек Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун сузактыктар менен жолугушуу учурунда билдирди.

    «Биздин талапкер узак мезгил айыл чарба тармагында иштеген жана анын көйгөйлөрүн жакындан билет. Эгерде ал президент болуп калса, биздин айыл чарбабыз жаңы дем менен өркүндөмөк, анткени аймактардын негизги ишмердиги - бул дыйканчылык эмеспи. Ал эми белгилүү болгондой, айыл өнүксө - мамлекет да өнүгөт, анын аркасы менен экономикабыз, билим берүүбүз, маданият сыяктуу бардык тармактар өркүндөп-өсмөк. Сузактыктарды жана бардык кыргызстандыктарды күнү-түнү өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштей турган Сооронбай Жээнбеков үчүн добуш берүүгө чакырам», - деп белгиледи Казыбек Абдыкалыков.

Фотогалерея