Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жаштардын өкүлү Медербек Апарханов: Өзгөндүн жаштары Сооронбай Жээнбековду тандайт!

    Өзгөндүн жаштары Сооронбай Жээнбековду тандайт, деп билдирди жаштардын атынан сүйлөгөн Медербек Апарханов Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

    “Бизге кооз сүйлөгөн, бирок убадаларын аткарбаган, баарын акча менен сатып алам дегендер, элин жерин тоногондор кереги жок. Бизге чыныгы мамлекетчил адам керек. Бул - Сооронбай Жээнбеков. Биз Сооронбай Жээнбеков биздин президент болушу керек деп эсептейбиз, анткени ал тажрыйбасы жана жеке сапаттары жагынан да мамлекетти башкарууга жөндөмдүү. Биз, Өзгөндүн жаштары, Сооронбай Жээнбеков үчүн!”, - деп ураан чакырган Медербек Апарханов кыргызстандыктарды добушун сатпастан, Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.

Фотогалерея