Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сооронбай Жээнбеков: Мен оң рулдуу таксилерди колдонууну 2020-жылга чейин узартам

     Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоочулар менен болгон жолугушуулары учурунда оң рулдуу унаалардын тагдыры, аларды коммерциялык максатта колдонуу боюнча суроо берилди.

     Буга Сооронбай Жээнбеков оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга уруксат берүү 2020-жылга чейин узартылышы керектигин билдирди. “Мен бул маселени көтөрөм, анткени түшүнүп турам, оң рулдуу унааларды такси катары айдап, иштеп жаткандар да үй-бүлөсүн, балдарын багып жатат. Учурда оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган. Акырындап бул маселе өз ордуна келет. Бирок бүгүнкү күндө бул маселени чечүүгө болгон аракетимди жумшайм”, - деди Сооронбай Жээнбеков.