Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

ФОТОРЕПОРТАЖ - Жумгал, Кочкор, Ысык-Көл, Токтогул, Кара-Көл жана Балыкчы Сооронбай Жээнбеков үчүн!

     Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн үгүт иштерин улантууда. Нарын областынын Жумгал, Кочкор райондору, Ысык-Көл району, Ысык-Көл областынын Балыкчы шаары, Токтогул району, Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошту.

     Эскерте кетсек, өзүнүн үгүт иш-аракеттерин Сооронбай Жээнбеков салынып жаткан Түндүк-Түштүк кошумча жолунун 194-чакырымына баруудан баштаган. Ал жактан Жумгал районунун жана башка аймактардан келген жактоочулары менен жолугушкан. Андан соң ал Кочкор, Ысык-Көл райодоруна жана Балыкчы шаарына барды. Токтогул районуна бара жаткан жолдо Чычкан капчыгайынан бал өндүрүүчүлөр менен баарлашты. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугушту.

     Сооронбай Жээнбеков кайда гана барбасын, аны жылуу маанайда тосуп алышып, Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин кош колдоп жатышат.

Фотогалерея