Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жээнбеков: Билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрү мен үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт болмокчу

     Билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрү мен үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт болуп келген жана мындан ары да болмокчу, деп билдирди Чолпон-Ата шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусу учурунда Кыргызстандын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков. 

     «Мен мугалимдердин бардык көйгөйлөрүн жакшы билем, анткени эмгек жолумду мугалимдиктен баштагам”, - деди президенттикке талапкер. С.Жээнбеков белгилегендей, мугалим болуу – абдан жооптуу жана татаал иш. Азыркы тапта билим берүү тутумун реформалоону тездетүү - замандын талабы экендиги анык. Андан тышкары, мугалимдердин айлыгын көтөрүү да маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

      «Мугалимдин айлыгынын көлөмүн экономика боюнча орточо деңгээлге жеткирүүнү улантуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү деңгээлге жеткирүү зарыл. Ошондой эле педагогикалык багыттагы студенттер үчүн стипендиялык фондду жогорулатуу керек”, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. «Жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү, татыктуу иш шарттарын түзүү, алардын социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн, турак-жайга байланышкан маселелерин чечүү зарыл. Премьер-министр болуп турган кезимде мугалимдер менен бюджет чөйрөсүндө иштегендер  үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Мен жетектеген өкмөт бул маселени карап, чет элдик компаниялар менен пайыздык үстөктү 7 пайыздан 5 пайызга чейин түшүрүү жана ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”, - деп айтып берди Сооронбай Жээнбеков.

     Анын сөзүнө караганда, 2016-жылы 115 мектеп менен бала бакча, оорукана, маданият объектилери курулган. Ушул жылдын аягына чейин дагы 105 объект ишке берилет. Интернетке 700дөн ашуун мектеп кошулат. Кийинки жылдын аягына чейин бардык мектептердин Интернетке кошулуусуна шарт түзүлөт.

     Мындан тышкары, мугалимдердин эс алуусун камсыздоо максатында Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү билим берүү министрлигине “Асыл” пансионатын өткөрүп берди.  

     Сооронбай Жээнбеков дарыгерлер менен башка медициналык мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү маселесинин да маанилүү экендигин баса белгиледи. Ал премьер-министр кезинде бул үчүн каражат табууну тапшыргандыгын айтты. «Дарыгерлер мамлекетте маанилүү ролду ойношот. Алар элдин саламаттыгынын сакчысы эмеспи. Ошондуктан, алардын жашоо деңгээлин көтөрүп, мыкты эмгек шарттарын түзүү абдан маанилүү маселелерден болуп саналат», - деп билдирди президенттикке талапкер.  

      Сооронбай Жээнбеков анын өкмөтү жетишкен экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн шарапаты менен мугалимдердин жана дарыгерлердин материалдык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр жаралгандыгын айтты.