Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

С.Жээнбеков: Менин программам жүрөгүмдө, акылымда  сакталып келет, ал жылдар бою карапайым адамдардын кыял-тилектеринен жана илгери үмүтүнөн куралып келген 

    Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун тургундары менен Чолпон-Ата шаарында жолугушту.

    «Менин президенттикке аттанганымдын себеби эмнеде? Эң башкысы – акыркы жылдары жетишкен ийгиликтерибизди бекемдөө, баштаган иштин аягына чыгуу, Конституциянын жаңы редакциясында чагылдырылган реформаларды ишке ашыруу”, - деди Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун тургундарына кайрылып жатып.

     Ал мактанып, өзүн көкүрөккө койгулагандардан эмес экендигин белгилеп, антсе да премьер-министр кезиндеги аткарылган айрым иштердин натыйжалары туурасында сөз кылууну туура көрүп тургандыгын айтты. «Негизи, мен эмгек өргүүсүнө чыгып же убактылуу ыйгарым укуктарымды токтотуп туруп эле шайлоого катыша берсем болмок. Мыйзам буга жол берет. Бирок президенттикке күрөш баары үчүн бирдей шартта өтүшү, адилеттүү болушу, шайлоонун жыйынтыгынан эч кандай шек саноолор болбошу үчүн кызматтан кеттим.  Мен экономиканы өнүктүрүүдө кыйла ийгиликке жетишип туруп кызмат ордумду татыктуу өткөрүп бердим. Бир кемчилигим бар – мактанганды билбейм жана популизмди жактырбайм. Жеринен тарбиям ушундай, эми өзгөрүүгө кеч болуп калды го”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

      Анын сөзүнө караганда, 2016-жылдын апрелинде жаңы гана премьер-министрлик кызматка киришкен учурда ИДП 4,9% түшүп, өнөр жайы – 26% төмөндөгөн. 2017-жылдын алты айында эле ИДП 6,4%, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады.

     Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө караганда, анын мамлетекттик башкаруунун бардык тепкичтеринде иш тажрыйбасы бар. Айылда мугалим, зоотехник, совхоз директору, кийинчерээк райондук деңгээлдеги башка кызматтарды аркалап келген. Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, айыл чарба министри, губернатор жана премьер-министр кызматтарында иштеди. «Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарын кыдырып, карапайым адамдардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Премьер-министр болуп иштегеним жагдайды дагы жакшыраак түшүнүп, буга чейин укпаган-билбеген нерселерди өздөштүрүүмө түрткү болду. Ошондуктан, менин программам жүрөгүмдө, акылымда  сакталып келет, ал жылдар бою карапайым адамдардын кыял-тилектеринен жана илгери үмүтүнөн куралып келген », - деди президенттикке талапкер.

     Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл району — эң бир тез өнүгүп келе жаткан туристтик райондордун бири экендигин белгиледи. Мында ондогон улуттардын өкүлдөрү ынтымакта, биримдикте күн кечирип келишет. «Силер улуттар аралык ынтымактын гармониясынын үлгүсүн көрсөтүп келе жатасыздар”, - деди талапкер.

      Ал ошондой эле Ысык-Көл облусу ишмердүүлүктүн ар кыл чөйрөлөрүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандары менен сыймыктана тургандыгын белгиледи. «Алардын катарында кыргыз кол жазмасынын негиздөөчүсү, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов, ошондой эле атактуу хирург, академик Иса Ахунбаев, опера ырчысы Болот Миңжылкиев, Эл жазуучусу Касымалы Баялинов, Эл артисти Жамал Сейдакматова жана башкалар бар», - деди Сооронбай Жээнбеков.

     Шайлоочулардын негизинен айлык акыга, пенсияларга, талкаланган жолдорго, тазалоочу курулмаларды куруу зарылдыгына байланышкан суроолоруна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган учурда эле бул маселелер боюнча долбоорлордун үстүндө иш башталгандыгын  жана алар ырааттуулук менен чечиле тургандыгын белгиледи. Талапкер менен жолугушуу өткөн ипподромго 5 миңге жакын адам катышты.

Фотогалерея