Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт кампаниясынын башталганына байланыштуу сɵзү

 

Урматтуу мекендештерим,

Кадырман агайын-туугандар!

Мен чоң сапарга аттанып жатып, биринчи жолугушуумду бекеринен ушул жерден баштап жаткан жокмун.

Турган жерибиз - Кыргызстандын чок ортосу. Чыгыш жагыбызда Кудай берген кереметтүү Ысык-Көлүм чалкып жатат. Түштүк тарапта берекелүү, көп улуттун ынтымагын ширеткен Ош, Жалал-Абад жергеси, өрүкзарга бөлөнгөн Баткеним. Мына көк тиреген Теңир-Тообуз турат. Улуу тоонун аркы бетинде – баарыбызды койнуна батырган кең Сары Өзөн Чүй өрөөнүм. Ага улай Манас атабыз байырлаган кең Таласым жатат.

Айтылуу Чыңгыз агабыз айткандай, кыргыздын тарыхы да, руху да, кең пейил мүнөзү, күч-кубаты да - мына ушундай керемет тоолордо калыптанган.

Эзелтен ата-бабаларыбыз тарыхый чечим кабыл алаарда Бас-Бөлтөк, Сулайман-Тоо,  Кароол-Чоку, Чеч-Дөбө  сыяктуу ыйык жерлерде чогулуп, кеңешип, бир муштумдай биригип, максатын көздөй сапар алган. Мен да бүгүн чоң сапарга аттанып жатып, изги тилек менен Кыргызстандын жакшылыгы, жаркын келечеги үчүн ушундай ыйык кыргыз жеринде, касиеттүү кыргыз элимден бата сурап турам!

Урматтуу мекендештерим!

Кыргыздар бул тарыхта эмнени гана көргөн жок? “Кырлар жоктур кыргыз буту баспаган, сайлар жоктур кыргыз сөөгү жатпаган?” дегендей, ата-бабаларыбыз мекенин сактоо үчүн эмне гана кылбаган?

Эгемен жылдарында да тапканыбыздан жоготконубуз көп болду. Кыргызстанды бөлүп-жарып, мамлекет катары жок кылуу аракеттери арбын болду. Бирок, Кудайдын колдоосу менен, “Түгөнгөн сайын түтөгөн, кыйналган сайын күчөгөн”, деп “Манаста” айтылгандай, кыргыз элим кыйынчылыкка моюн сунбай, улуу көчүн улап баратат.

Эң негизгиси - бүгүнкү күндө мамлекетибизде тынчтык менен туруктуулук орноду, өнүгүү жолуна чыктык, өз күчүбүзгө ишендик, башка өлкөлөр менен тең ата мамиле түзө алдык. Учурдан пайдаланып, өткөөл мезгилде элине кылган баа жеткис эмгеги, каармандыгы, көрөгөчтүгү үчүн президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевге терең ыраазычылык билдирем!

Президентибиздин жетекчилиги менен тапкан жолубузду сактап калалы! Баштаган иштерди улайлы! Бул максатыбызга жетиш үчүн бизге эң ириде тынчтык, ынтымак керек!

Бирөө “түндүктөнмүн” деп мактанат, бири “түштүктөнмүн” деп мактанат.

Биз баарыбыз - кыргызстандыкпыз! Биздин бир гана мекенибиз бар – ыйык Кыргызстаныбыз бар!

Алакандай элибизди түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлбөйлү! Түндүк менен түштүк – куштун эки канатындай. Бир канаты сынса, жалгыз канаты менен кайда учат? 

Урматтуу мекендештер!

Президентибиз Алмазбек Шаршенович демилге көтөрүп, түндүк менен түштүктү бириктирген жаңы жолду баштаганда ар кандай сын пикирлер айтылган эле. Эми карагылачы! “Жолу оӊолгондун иши оӊолот” дейт, бир кезде дымып жаткан жерлер кадимкидей жанданып, адамдарыбыздын маанайы башкача болуп калды. Буюрса, бул жаңы жол толугу менен бүткөндө, мындан да башка болот!

Жол салуу – Кудайга жаккан иш. Бул ынтымактын, биримдиктин жолу болот. Түндүк-түштүк деген бөлүнүүгө бөгөт коюлат, Кыргызстандын биримдигин бекемдейт.  Ошондуктан, бүгүнкү жолугушууга Кыргызстандын жети дубанынан мени жактаган мекендештерим келишти. Баарыңыздарга чын дилимден ыраазылыгымды жолдоймун.

Ушул кутман жол аркылуу алыш-бериш артсын, куда-сөөк көбөйсүн! Ар бир көчөбүздө той болсун!

Ардактуу агайын-туугандар!

Президенттикке талапкер кыргыздын бир уулу алдыӊыздарга келип отурат. Мен элимди мындан ары алдыга баштап, жаңы Кыргыз мамлекетинин уук-керегесин бузбай сактап беремби, балдарыбыздын бакубат келечегине жол саламбы? – мына ушул өӊдүү суроолор тегерегинде сиздер менен маӊдай-тескей баарлашканы келдим.

Мына бул жерде эски да, жаңы да заманды көргөн, эки доордун чайын ичкен адамдар турасыздар. Бир саам артка кылчайып, 26 жыл мурда эмне болгонун, андан бери кандай гана кыйынчылыктар өткөнүн эстесеӊиздер. Ким элек, эми ким болдук?

Президентибиз Алмазбек Атамбаев айткандай, Кыргыз көчү кайрадан жолун тапты! Кыргыз көчү деген – бул көчмөн ата-бабалардан бери келаткан узак тарыхыбыз, мамлекетибиздин түбөлүк жолу!

Азыр бүт дүйнөдө экономикалык кризис уланып жатат. Ошого карабай, өлкөбүздө өсүш болду. Бир эле мисал айтайынчы.

Былтыр ушул мезгилде 13 пайызга төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү быйылкы 7 айда 30 пайызга өстү!

2016-жылдын апрелинде мен Премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады.

Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиздин үзүрүн эми көрө баштадык, туугандар! Айрыкча Россиядагы эмгек мигранттарыбыз жергиликтүүлөр менен теӊ укукка ээ болуп, жөндөмүнө, билимине жараша жакшы жумуштарга орношуп жатышат. Азыр короо шыпырган кыргыздар чанда эле болбосо, жок.

Экономиканы ЕврАзЭСке интеграциялоо багытында чоӊ жумуштарды аткардык. Экспортко чыгууга инфраструктурабыз даяр – фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл системасын эл аралык стандарттарга туура келтирип жатабыз, лабораториялар, чек арадагы өткөрмө бекеттери жаңыртылды. Казакстан менен чек арадагы фитосанитардык көзөмөл алынып салынды.

Бизде мол суу запасы бар, мөңгүлөрүбүз бар. Бирок, калктын 45 пайызы гана таза суу менен камсыз болгон, бул курч маселе.

Калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилет. Бул максатка 30 миллиард сом талап кылынса, анын 19 миллиард сом каржы булагы аныкталды. Дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн сом бөлүнсө,  былтыр 100 млн сом, ал эми быйыл бул сумманы  2 эсеге көбөйтүп, 200 млн сом бөлүп бердик.

Элди таза суу менен камсыз кылуу – бул мамлекеттик коопсуздук маселеси, Президент болсом бул маселени дайыма көӊүл борборунда кармайм! Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот!

Урматтуу мекендештер!

Акыркы үч жылдагы эң чоң жеңишибиз – бул энергетикалык көз карандысыздыкка жеткенибиз. Свет өчүү дегенди Кудайга шүгүр, унуттук.

Саясий жана экономикалык эле эмес, энергетикалык да көз карандысыздыкка жетише алдык.  Жогорку кубаттуу "Датка"  жана "Кемин" электр линиясы курулуп, Токтогул ГЭСинен электр энергияны коңшу Өзбекстандын жана Казакстандын аймагын айланбай, түз алганга мүмкүнчүлүк түздү.

Быйыл Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ Токтогул ГЭСин модернизациялоо башталды. Натыйжада ГЭСтин кубаттуулугу 240 МВтка – 20 пайызга көбөйөт, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга узарат.

Стратегиялык жолдор менен катар ички жолдор - шаар, райондун борборлорундагы көчөлөр оңдолуп жатат. Ички жолдорду оңдоого республикалык бюджеттен быйыл биринчи жолу каражат бөлүнүп, бул максатка 730 млн сом жумшалат. Бул иш жыл сайын уланат.

2016-жылы өлкө аймагы боюнча жалпысынан 230 км жол салынды. Аны каржылоого 4,5 млрд сомго жакын акча бөлүнүп берилди.

Социалдык тармакта кадимкидей жылыш бар. Былтыр 115 мектеп менен бала бакчаларды, ооруканаларды, маданий объекттерди курдук. Ушул жылдын аягына чейин  дагы 105 объект ишке берилет.  Жыл соӊуна чейин 700дөн ашык мектеп интернетке кошулат. Калган мектептин баары келерки жылы кошулуп бүтөт. Мен айрым гана жетишкендиктерди ортого салдым. Бардык тармактарда жылыш бар.

Агайын-туугандар! Эгер элим ишенип, президенттикке шайласа, кандай максаттарым бар? Мен жок жерден иш баштабайм. Президент Атамбаевдин командасы иштеп бүтүп калган «Стратегия - 2040» деген программабыз бар. Бул өлкөнү өнүктүрүүнүн “жол картасы” болуп саналат.

Мамлекет башчысынын башкы милдети – өлкө эгемендигин, территориялык бүтүндүгүн камсыздоо, азыркы туруктуулукту жана биримдикти сактоо.

Парламенттин, Өкмөттүн, сот органдарынын ишинин теӊ салмагын камсыз кылуу. Тышкы дүйнөдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын жылдыруу, имиджин жогорулатуу.

Президенттин күчү абдан чоӊ, ага таянбай туруп, өлкөдө реформаларды улантуу мүмкүн эмес.

Мурдатан тамыр алган коррупциялык бюрократиянын жеми болбосун үчүн жаш премьер-министрге жана анын Өкмөтүнө азыр чоӊ колдоо керек. Сот жана укук коргоо органдарында, мыйзам чыгаруу сферасында Президенттин ролу кыйла жогору. Кайсы тармак болбосун, Өкмөт дайыма Президенттин колдоосуна муктаж болот.

Президент биринчи кезекте Конституциянын кепили. Президент реформалардын кепилдиги болсо, премьер алардын мотору болууга тийиш.

Эгер президент болуп шайлансам, өлкөдө мыйзамдуулукту сактоо, жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү көңүл борборунда болот. Алмазбек Шаршенович баштаган коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантам.

Биринчи кезекте сотторду, прокуратураны жана башка укук коргоо органдарын коррупциядан тазалайбыз. Кызматына, даражасына карабастан, коррупцияга аралашкан ар бир адам жооп берүүгө тийиш. Уурунун орду түрмөдө.

Элге эмне керек? Жумуш, таза суу, бала бакча, мектеп, спорт зал, даңгыр жол керек. Айыл чарбага жеткиликтүү кредит керек. Мен Өкмөттү жетектеп турганда айыл чарбасын кайра иштетүү тармагына берилчү кредиттин үстөк пайызын 6 пайызга чейин түшүрдүк.

Мамлекеттик турак жайга ипотека насыянын пайызын 14төн 10 пайызга түшүрдүк. Эми 8 пайызга чейин түшүрүүгө шарт бар. Келечекте ушундай төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, деги эле турак жайга муктаж жарандарыбызга бериле баштайт.

Бюджеттин кирешесин көбөйтөбүз. Буга бардык шарт бар. Былтыр 2016-жылы салык кирешеси 11 млрд сомго көбөйгөн.

Быйыл бюджеттин чыгаша бөлүгү 151 млрд сомго жетти. Уурдабаса, таза иштесе эле бюджет көбөйөт.

Мен ар бир тармакты жакшы билем, алардын алдында кандай милдеттер турганын да мыкты билем. Мына менде бир папка кагаз программа турат. Аны айтып чыгууга көп убакыт керек. Программа менин жүрөгүмдө, башымда жазылуу турат. Кайсы жерге келбейин, эмне көйгөйү бар, кандай онүктүрсө болот – баары көкүрөктө жазылуу.

«Стратегия - 2040» стратегиясында башкы максат катары ар бир кыргызстандыктын бакубат жашоосун камсыз кылуу каралган. Ар бир адамдын өз жөндөмүнө жараша иши, балдарын окутууга, ден соолугуна кам көрүүгө, эс алууга кенен жеткидей кирешеси болушу керек деп эсептейбиз.

“Элде болсун, андан кийин менде болсун” деген сөз бар. Элибизди бакубат турмушка жеткирүү менин башкы максатым болот!

Кыргыздын тамыры – айылда. Айыл өнүксө, өлкө өнүгөт. Ошондуктан, мен Өкмөт башында экенде региондорду өнүктүрүү концепциясын кабыл алдык.

Жер-жерлердеги 20 таяныч шаарды өнүктүрүүдөн баштайлы деп жатабыз. Ошондо айылды шаарга теӊейбиз, жаңы иш орундары ачылат, сырткы жана ички миграция кескин азаят.

Биз ирригация боюнча мамлекеттик программаны кабыл алдык. Ага ылайык 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот,  240 миӊден ашуун иш оруну жаралат.

Иш орун демекчи, азыр өлкөдө негизги көйгөй – жумушсуздук. Эксперттердин изилдөөсү боюнча, бизде калктын 30 пайызын жеринде иш менен камсыз кылуу толук мүмкүн. Кайсы жерде болбосун ишкерлик жасаса болот.  

Ошондуктан, президент болуп шайланып калсам, алгачкы кадамым катары ар бир райондун, керек болсо айылдын шартына жараша адамдарды иш менен камсыз кылуу программасы болот!  

Билим берүү, саламаттыкты сактоо – бул эң приоритеттүү секторлор.

Билим берүү системасын азыркы заманга ылайыктап реформалоону тездетүү керек. Биз ар бир айылга, шаарлардын ичиндеги короолорго бирден спорт аянтчаны залы менен кошо салабыз. Врачтардын айлыгын көтөрүү керек деген ойдомун.

Элибиздин руханий-маданий мурасын сактоо жана байытуу -  Президенттин милдети. Азыр улуттук-патриоттук сезим күч алганын көрүп, биз ата-бабалар мурасын, тилин, маданиятын түбөлүк сактай алабыз деп ишенем.

Мисалы, мамлекеттик тилди алсак, чейрек кылымда азыркыдай деӊгээлде каржылык колдоо болгон эмес. Башка улут өкүлдөрүнүн кыргыз маданиятына, тилин үйрөнүүгө дитин коюп жатканы кубандырат. Ошону менен катар азыркы заман көп тил билүү зарылдыгын жаратты. Албетте, орус тилинин азыркы статусу сакталат, ал – дүйнөгө терезе.

Агайын-туугандар! Жумгал жергеси Кыргызстанга не деген таланттарды берген, кудайым кут даарыган жер.

Байзак Баатыр, Качыке Баатыр, Мендет Датка, Кашкар Баатыр, Куйручук олуя, ак таңдай акын Калык Акыев, арген үндүү Мыскал Өмүрканова, сахна падышасы Муратбек Рыскулов, бий канышасы Бүбүсайра Бейшеналиев, кино жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева, сатирик Мидин Алыбаев, кыргыз музыка өнөрүнүн генийи аталган Муратбек Бегалиев жана башка көптөгөн таланттуу уул-кыздардын мекени ушул жер!

ЖУМГАЛДАН азыр да мыкты коомдук ишмерлер, элдик меценаттар чыгып жатат. Район  аймагы табигый-экономикалык жана эмгек ресурстарына өтө бай келет. Көмүр, курулуш материалдары, түстүү металл, туз, минерал суулары, башкача айтканда Менделеевдин таблицасындагы баардык элементтер кездешет.

Сиздердин райондун көйгөйлөрүн мен жатка билем жана аларды чечүү колуман келет. Жумгал жергесинин өсүп-өнө турган пайдубалы бар.

Түндүк-Түштүк жаңы автожолу бүткөндөн кийин Жумгал тогуз жолдун тоомуна айланат, сооданын чордонуна, туристтик борборго айланат,  таанылгыс болуп өзгөрөт!

Мен шайлоо жарышына эмне үчүн чыктым?

Бийлик - бул мен үчүн байлык топтоо эмес, бул – мамлекетке, элге кызмат кылуу. Көптү көрдүм, мага жетет деп, тынч жашоомду кылсам деле болмок. Бирок мамлекет башкарам деп байлар, алтурсун шылуундар жулунуп баратышат. Ошону көрүп туруп, мен мамлекетибиздин кийинкисине кайдыгер карай албайм. Ушул кезге чейин жасалган иштер жокко чыкпасын, өлкөбүз кайра артка кетпесин деген ойду карманып, президенттик жарышка чыгып жатам.

Эл ичинде бычакка саптуу азаматтар аз эмес. Кимисинин мамлекетти башкарууга тажрыйбасы жетет, кимиси таза, ыймандуу, кимиси бул кызматка чейинки узак жолду басып өттү? - кеп мына ушунда.

Азыр аттанып чыгып жаткандардын арасынан айылда, райондо, облуста - чарбада, башкаруунун ылдыйкы тепкичтеринин баарында иштеп келген бир мен экем.

Айылда мугалим, зоотехник, совхоз жетекчиси болуп, анан райондо иштеп, кийин Жогорку Кеӊештин үч чакырылышынын депутаты, айыл чарба министри, губернатор, акыры премьерликке чейинки тепкичтин баарын басып өттүм.

Бир жарым жыл премьер-министр болуп иштегеним мага чоң тажрыйба болду. Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, мурда көрбөгөн, укпаган көйгөйлөрдү көрдүм.

“Кызматка жеткениңе эмес, ошол кызматтан кандай кетесиң, ошону ойло” деп атам айтаар эле. Кудайга шүгүр, мен жетектеген өкмөттүн ийгиликтери жакшы болду, бул кызматтан абийир менен кеттим.

Карапайым адамдар арасында көп жылдык иштериме, турмуштук жана мамлекеттик иштеги тажрыйбама таянуу менен төмөнкүлөрдү айткым келет. Мен:

- өлкөмө эмне керек экенин;

- элиме эмне керек экенин;

- адамга эмне керек экенин

билем жана ага кандай жетишти да билем!

 

Кайсы жерде, кайсы кызматта болбоюн, аз сүйлөп, көп иштөө мен үчүн биринчи орунда эле. Муну айтканым: кичине бирдеме жасап койсо, аны тоодой кылып көрсөткөн же асмандагы айды убада кылган популист, артист саясатчыларды карап отуруп, бул кээде мактана жүрүш керек экен деп да ойлоп кетем. Эми дээримден андай мүнөзүм жок болсо айла жок экен, эмне кылалы? Мактанганды жаман көрчү элем, көрсө мактаныш да керек экен кээде...

Ардактуу шайлоочулар! Мынакей, баарыбыз куттуу жолдо турабыз. Жол деген кыргыз үчүн өтө ыйык. “Жолуң болсун, жолуң байсалдуу болсун, жолдуу киши” деп айтышат.

Башка талапкерлерге караганда менин жолум да улук, жашым да, тажрыйбам да улук экен. Алар мен баскан жолду басышсын. Кудайым буюруп, сиздер мага ишенип, Президенттикке шайлашаңар, бүт күчүмдү, акылымды өлкөмө, элиме арнайм. Буга тажрыйбам да, билимим да, дараметим да, намысым да жетет.

Айылда чоӊойдум, ат минип, мал кайтардым, бутума өтүк кийип, суу сугардым. карапайым адамдардын санаасын, көйгөйлөрүн жакындан билем. Атам бала чагыбыздан тарта жупуну болгула, ак иштегиле, мансапка манчыркабагыла, элге, жерге жакын жүргүлө деген акылды кулагыбызга куюп өстүрдү. Жетекчилик кызматтарда канча жүрсөм да, “жеп алыптыр, тартып алыптыр” дегендей артыман жаман сөз ээрчиген жок.

Мен силердин кишиңермин, силердин бириңермин, мен элден чыккам, ошондуктан элдик президент болом.  Мен ушуга чейин таза келдим, Кудай алдына да таза барайын деген адаммын.

Кыргыз элим – Кудай берген, айкөл эл. Элибизге Кудайдан корккон, мыйзамды бузбай аткарган ыймандуу бийлик керек.

Президент болсомменин үй-бүлөм, бир туугандарым, жердештерим – бул көп улуттуу Кыргыз эли. Мен бекем туткан эреже: Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок”!

Урматтуу мекендештерим! Айтылуу немис мамлекеттик ишмери Бисмарк согуштагыдай, аңчылыктан кийинкидей  же шайлоо маалындагыдай калп көп айтылбаса керек деген экен. Убадалар көп болот. Бирөөнүн акчасына, бирөөнүн куру убадасына алданбайлы. Балдарыбыздын ырыскысын акчага сатпайлы!

 Мени айрым талапкерлердин президенттик бийликке кайтуу керек деген билдирүүлөрү кабатыр кылат. Кыргызстан эки революция менен, эки президентти  кууп чыгаруу менен ал жолдон өттү. Мен эч качан авторитардык бийликти кайтарбайм. Акаев менен Бакиевдин тагдыры баарыбызга сабак. Жээнбековдор Кудай берген 11 бир тууган элек, азыр 8 бир тууганбыз.  Биз эч качан алардай болбойбуз! Кудайдын, элимдин кулагында болсун, эч качан андай болбойбуз!

Келаткан шайлоо ынтымактын шайлоосу болот, Кыргызстандын демократиялык беделин дагы бийик көтөрөт деп ишенем.

Кудайым буюрса, Чыңгыз агабыз айткандай, “Кыргызстан келечекте Азиянын кар кечкен илбирстеринин бири болот”. Мен буга ишенем!

Сиздер берген ак бата, ак тилек - мага күч-кубат, канат-бутак болот, агайын-туугандарым!

Касиеттүү журтубузду Кудай колдосун! Ар бириңерди Айкөл Манас атабыздын арбагы колдосун! Кыргызстаныбыздын жолу байсалдуу болсун!