Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун Кɵз карандысыздык Күнү менен кыргыз элин куттуктайт

    СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун Кɵз карандысыздык Күнү менен кыргыз элин куттуктоосу

    Урматтуу мекендештер!  Кымбаттуу кыргызстандыктар!

    Сиздерди Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын депутаттарынын жана ɵзүмдүн атыман элибиздин  улуу майрамы  – Эгемендүүлүк Күнү менен чын жүрɵктɵн куттуктайм!

    Эгемен Кыргызстандын тарыхында кɵп окуялар болду -  сыноолор, жеңиштер жана жеңилүүлɵр. Акыйкаттуулукту, эркиндикти  туу туткан элибиз эки ирет үй-бүлɵлүк-кландык режимди кулатты. Тилекке каршы, элибиздин бул күрɵштɵрү адам ɵлүмдɵрү менен коштолду. Ондогон эр азаматтарыбыз кɵз карандысыз демократиялык ɵлкɵдɵ жашообуз үчүн ɵз жандарын беришти.

    Учурда  ɵлкɵбүз туруктуу экономикалык ɵнүгүү жолуна багыт алды. Бүгүн биз Кыргызстан суверендүү, күчтүү социалдык саясатты жүргүзгɵн укуктук мамлекет деп сыймыктануу менен айта алабыз.

   Акыркы 6 жылдагы эң чоң жетишкендиктердин бири – парламенттик демократиянын ɵнүгүүсү болду. Парламенттик системанын негизинде Жогорку Кеңеш бийлик үчүн күрɵштүн, атаандаштыктын жайына айланганын кɵрүп, байкап келатабыз. Биз мындан ары да демократиялык баалуулук, идеяларды бекем тутуу менен ɵлкɵнүн ɵнүгүүсү үчүн аракеттерди кɵрүшүбүз зарыл.

    Кɵз карандысыздыктын 26-жылын белгилɵɵнү утурлай  ɵлкɵбүз чоң саясий окуянын – КР Президентин шайлоонун алдында турат. Бул шайлоонун тарыхый мааниси ɵзгɵчɵ болмокчу. Анткени, өлкɵ башчынын эрки, шайлоо мыйзамдарынын реформалануусу  жана ɵкмɵттүн таза шайлоо долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруусу аркасында эгемендиктин тарыхында алгачкы  ирет президенттик шайлоо биометрикалык маалыматтарды жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен таза өткөнү турат. Мамлекет тарабынан шайлоого катышуучулардын баарына бирдей шарт түзүлүп, шайлоодогу ыплас оюндарга бɵгɵт коюлду.

    Демократиялык коомдо жарандардын милдет, жоопкерчиликтеринин мааниси чоң. Кыргызстандын Конституциясына ылайык, бийликтин жалгыз булагы болуп эл эсептелинет. Ошондуктан татыктуу ɵлкɵ башчысын шайлап алуу элдин гана колунда. Тилекке каршы, ɵткɵн шайлоолордо элдин добуштарын сатып алуу кɵрүнүштɵрү болбой койгон жок. Урматтуу кыргызстандыктар, мен сиздерди алдыдагы шайлоодо добушуңарды сатпоого, чын жүрɵгүңүздɵр менен татыктуу талапкерге добушуңуздарды берүүгɵ чакырам!

    Кымбаттуу мекендештер!

    Биз мамлекетибиздин  кɵз карандысыздыгын бекемдɵɵнүн алгачкы этабын гана басып  ɵттүк. Демократиялык ɵлкɵлɵрдүн катарына кошулуубуз эми гана башталууда. Алдыда бизди зор сыноолор жана чоң ашуулар күтүп турат.

    Эгерде биз ынтымак-ырашкерликте, биргеликте күн кечирип, алдыңкы технологияларды ɵздɵштүрүү үчүн күчүбүздү, билимибизди аябасак,  келечекте эгемендүү, күчтүү, ɵнүккɵн Кыргызстанда кура алабыз!

    Сиздерди дагы бир жолу Кɵз карандысыздык Күнү менен куттуктайм! Ар бир жарандын жүрɵгүндɵ Мекенге болгон сүйүү болсун! Кыргызстаныбыз  ɵнүгүп, ɵссүн! Ар бир үйдɵ байгерчилик, жергебизде тынчтык орун алсын!

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын

лидери Иса Омуркулов