Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абтандил Кулбараков ɵз каражатына мектептин курулушун баштады

     2017-жылдын 15-августунда Жогорку Кеңештин депутаты А.И. Кулбараков Жумгал районуна караштуу Кең-Суу айылында болуп, ал жерде жашаган тургундар үчүн  20 окуучуга ылайыкташкан  башталгыч мектептин пайдубалын курууга катышты.

     Аталган айыл Жумгал өрөөнүнөн бир топ алыс жайгашкан, эгемендүүлүккө ээ болгон 26  жылга чукул Кең-Суулуктар электр энергиясын пайдаланып көргөн эмес. Электр жарыгынын  жоктугунан айыл тургундары телевизор көрүшпөйт, өлкө ичиндеги жаңылыктарды радиодон жана район, шаарга барып келген тургундардан алып турушат.  Анысы аз келгенсип мобилдик байланыш кызматы дээрлик тартпайт. Көп жылдар бою элет тургундарынын бирден-бир көйгөйү мектеп маселеси болуп келет, айылдагы жогорку класстардын окуучулары 12 чакырым алыстыктагы  коңшу айылга барып келип окушат. Ал эми жаш жеткинчек балдар үчүн 12 чакырым алыстык кылгандыктан, анын үстүнө кыш мезгилинде талаадагы иш-куштан коркуп, ата-энелер тынчсызданып келишет. Ушул күнгө дейре башталгыч класстардын окуучулары эскилиги жеткен үйдү мектеп кылып окуп келишет. Ал үйгɵ  жарым кылымдан ашкандыктан, айрыкча кыш мезгилинде эшик, терезеден кирген суук окуучулардын ден-соолугуна  кедергисин тийгизип келет. Мына ушул көйгөйдү чечүү максатында депутат Абтандил  Кулбараков башталгыч класстарга билим уясын бүткөрүп берүүгө 2 миллион сомдон ашык каражат кетерин айтып, жеке каражатын жумшап, чукул убакытта бүтүрүп берүүгө убадасын берди.  Айыл тургундары А. Кулбараковдун бул кадамына ыраазы болуп, ак батасын берип, ыраазычылыктарын билдиришти. 

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея