Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: КСДП фракциясы Сапар Исаковду креативдүү командасы бар, жаш кесипкɵй катары тандады

    Бүгүн, 24-августта КСДП фракциясынын  жыйыны ɵтүп, анда ɵкмɵт башчылык кызматка  Сапар Исаковдун талапкерлигин  коалициялык кɵпчүлүккɵ сунуштоо чечими кабыл алынды.

    Журналисттер менен жолуккан КСДП лидери Иса Омуркулов эмне себептен Сапар Исаковдун талапкерлиги  кɵрсɵтүлгɵнү  боюнча маалымат берди. 

    «Биз Сапар Исаковду жаш,  креативдүү реформатор лидерлерден команда топтоп жаткан  перспективдүү жаш жетекчи катары билебиз. Алар ɵкмɵттүн алдында турган маселелерди ыкчам чече алат деп ойлойбуз. Жашоо бир ордунда турбайт, ошондуктан ɵкмɵттүн жаңы курамы жаңы чакырык жана коркунучтарга ɵз убагында жооп берип, иш алып барарына ишеним бар», - деди И. Омуркулов.

    Ал ошондой эле фракциянын жыйыны бейформал ɵтүп, кеңешме маанайында болгонун кошумчалады.

    «Биз эч кимди бекиткен жокпуз, биз бүгүн Сапар Исаковдун программасын угуп, ал сунуштап жаткан ɵкмɵттүн жаңы курамын менен тааныштык. Депутаттар программасы боюнча суроолорун беришип, сунуштарын билдиришти. Эртең коалициялык кɵпчүлүктүн жыйыны болот, андан кийин маселе комитетте каралып, анан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат», - деди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы