Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сооронбай Жээнбековдун ɵмүр баяны

     Сооронбай Жээнбеков

     1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында тɵрɵлгɵн.

     Эки жогорку билими бар, биринчи билими боюнча зооинженер, экинчиси боюнча – экономист.

     Эмгек жолун Ɵзгɵн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштɵɵдɵн баштаган. Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктагандан кийин айылда эмгектенген. Ош облусунун Совет районундагы Ульянов атындагы совхоздун директору, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Кашка-Жол” колхозунун башкармалыгынын тɵрагасы кызматтарында иштеген.

     Сооронбай Шарипович 1995-жылы бир мандаттуу округдан утуп чыгып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Анын Алмазбек Атамбаев жана КСДПдагы кызматташтыгы дал ушул учурдан тарта башталган. “Ошол мезгилде парламенттин депутаты болгон партиянын лидери Алмазбек Атамбаев биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеште 29 адамдын башын бириктирген “Реформа” фракциясын уюштурган. А.Атамбаев идеялары менен жана инсан катары ɵзүнɵ тарткандыктан, фракциянын курамына киргенмин жана менин партиялык ишим мына ушундан башталган.

    Кенен маалымат алам десеңиз, анда тɵмɵнкү шилтемеге баш багыңыз:

https://yadi.sk/i/pEiQKeha3LmpJg