Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн кол тамга чогултула баштады

   Ɵлкɵнүн аймактарында  алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо үчүн кол тамга чогултуу кампаниясы жүрүп жатат.

   КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына  кол тамга чогултуу жайлары «Космопарк» эс алуу борборунун, «Ала-Тоо» кинотеатрынын, «Берекет Гран» соода комплексинин жандарына орнотулган. Ошондой эле атайын пункттар ɵлкɵнүн бардык аймактарында ачылып, иштей баштады.

   Кол тамга  чогултуу боюнча демилгелүү топтун мүчɵлɵрү  атайын жайлар иштей баштагандан тартып КСДПнын талапкеринин шайлоо алдындагы программаларын колдоого алышып, кол тамгаларын калтырууну каалагандардын саны кɵп болуп жатканын билдиришүүдɵ.

   Ал эми жарандардын дээрлик бардыгы  келерки президент катары Кыргызстандын ɵнүгүү перспективасын кɵрɵ билген, ɵлкɵдɵгү бүгүнкү туруктуулукту сактоо менен бирге социалдык-экономикалык ɵнүгүүнү камсыз кыла алган  инсанды кɵргүлɵрү келерин айтышууда. Ошол себептен ɵлкɵнүн бардык аймактарынан кол тамга чогултуучу жайларга келишип, Сооронбай Жээнбековду колдоого алыша тургандыктарын билдиришүүдɵ.

   Шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол тамга чогултуу талапкер кɵрсɵтүлгɵндɵн тарта башталып, 2017-жылдын 26-августуна чейин уланмакчы. Бул убакытта демилгечилер ɵздɵрүнүн талапкеринин пайдасына 30 миңден кем эмес кол чогултушу керек. Андан соң президенттик кызматка талапкерди колдоо үчүн коюлган кол тамгалардын тизмеси КР Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. 

Фотогалерея