Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Каракол шаарында КСДП саясий партиясынын конференциясы өттү

Бүгүн, 5 июлда, Каракол шаарында КСДП саясий партиясынын конференциясы өттү. Ага партиянын 150дөн ашуун мүчөсү катышты.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар партиянын аймактык уюмдарынын иши тууралуу отчету менен таанышышты. Ошондой эле, добуш берүү жолу менен партиянын XVI съездине 5 делегат шайланды. Алар Аскар Иманбаев, Ургазы Иманакунов, Фарида Мажиюн, Роза Баратова, Туганбек Чолпонбаев.
Эске салсак, КСДП кезектеги XVI съезди 2017-жылдын 15-июлунда Бишкекте өтөт. Анда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерди шайлоо чечими кабыл алынат.

Фотогалерея