Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кыргызстан социал-демократтар партиясы XVIсъездге делегаттарды көрсөтүүдө

     4-июлда, өлкөдө Кыргызстан социал-демократтар партиясынын райондук жана шаардык аймактык партияларынын конференциялары башталды. Алгачкы конференциялар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жана Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өттү.

     Конференциялардын күн тартибинде аймактык уюмдардын алып барган иштери тууралуу маалыматтардан сырткары, партиянын  XVI съездине делегаттарды шайлоо болду. Иш-чарага активисттер, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле, Жогорку Кенештин КСДП партиясынын депутаттары менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары катышты.

     Эске салсак, КСДП партиясынын кезектеги съезди үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Бишкек шаарында өтөт жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерди шайлоо чечими кабыл алынат.