Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ирина Карамушкина: Жолдорду куруп жаткан подрядчиктердин жоопкерчиликтерин күчөтүү керек

    Мындай пикирин эл өкүлү ЖКнын 29-июндагы жыйынында айтты. Анда «Автоунаа жолдору жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

    Жыйындын жүрүшүндө СДПКчы депутат Ирина Карамушкина мыйзам долбоорун колдой турганын белгилеп, жолдорду куруп жаткан куруучулардын жоопкерчиликтерин күчөтүү зарылдыгын айтты. Анткени, жолдорду куруу жана ремонттоо иштери негизинен сырттан келген кредиттик, гранттык каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

    Депутат ошондой эле эл тарабынан түшүнбөстүктөр болбошу үчүн маалыматтык- түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдирди. «Эмне үчүн акыркы убактарда жарандар менен түшүнбөстүктөр болуп жатат? Себеби, силер эл менен иштебей жатасыңар. Менимче, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоорду жакшылап даярдоо керек. Антпесе, дарактар көз көрүнөө кыйылып, асфальт үйлөрдүн дарбазаларынын түбүнө төшөлүүдө. Ошондуктан ММКлар аркылуу элге маалымат жеткирип, буга депутаттар менен министрлерди да активдүү тартуу абзел», - деди И. Карамушкина.

    Мындан сырткары, депутат Бишкек-Кара-Балта жолунан алынган эски асфальты жакынкы айылдардын жолдорунун чукурларын, аң-дөңдөрүн толтурууга жумшоону сунуш кылды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы