Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Карашев студенттердин билим алуусу үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүүнү сунуштоодо

    Жогорку Кеңештин СДПКчы депутаты Аалы Карашев «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун демилгелөөдө.

    Аталган мыйзам долбоору боюнча депутат журналисттер менен болгон жолугушууда маалымат берип, мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди. Эл өкүлү белгилегендей, мыйзам долбоору студенттердин билим алуусуна жеңилдетилген кредиттерди берүүгө багытталган. «Өзүңөр билесиңер, жаңы илимий технология өнүккөн жерде өнүгүү болууда. Ал эми жаңы технологияларды киргизүү үчүн жогорку квалификациядагы адистер керек. Биз анализдеп көрсөк, Кыргызстанда жылына 60-65 миң окуучу орто мектептерди бүтсө, алардын 15-17 миңи гана ЖОЖдорго тапшырышат экен. Мамлекет мында болгону 4,5 миң студентке гана колдоо көрсөтөт. Бирок бул жетишсиз, калгандары окуганы, иштегени сыртка чыгып кетүүдө. Ошондуктан студенттердин билим алуусуна шарттарды түзүү зарылчылыгы чоң», - деди эл өкүлү.

    Мыйзам долбоорунун маңызына токтолгон депутат мыйзам аркылуу мамлекет болочоктогу студенттерге жеңилдетилген кредиттерди берүүсү каралып жатканын айтты. Анын айтымында, стутент жеңилдетилген кредит алып, аны менен  окуу акысын төлөп, билим ала баштаса, кредитти кийин иштей баштагандан  тартып төлөй баштайт. «Муну менен шарты жок, бирок окууга, билим алууга жөндөмдүү жаштардын жогорку билим алуусуна, өздөрү каалаган адистикке ээ болууларына мүмкүндүк түзүлөт. Экинчиден, студенттердин өздөрүнө сапаттуу билим алуусуна да мотивация, стимул болот эле. Ансыз ата-энеси төлөгөн акчалардын кадырын билбей окууга жакшы көңүл бөлбөй, натыйжада жаш адистердин даярдыктары начар болууда. Кредитти төлөшүм керек деген нерсе да аларды чындап билим алуусуна түрткү берет», - дейт А. Карашев.

    Ал белгилегендей, учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жарандардын сунуш, пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоору ЖК депутаттарынын кароосуна коюлат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы