Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев консультативдик меджардам берүү механизмин жолго коюуга чакырды

    ЖК депутаттары 28-июндагы жыйында “Джидда шаарында 2017-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралды.

    Жыйындын жүрүшүндө, СДПКчы депутат Дастан Бекешев консультативдик медициналык жардам берүү механизмин жолго коюу зарылдыгын айтты. «Мага ооруп калган тууганын кайсыл ооруканага алып барууну билбей жатканын, каякка кайрылса туура болорун сурап көп кайрылышат. Анан менин оюма дароо эле №3 балдар ооруканасы келет. Ушуга байланыштуу ооруканалар боюнча маалыматтар менен камсыз кылуу жагын колго алуу керек деп ойлойм. Балким, сайт түзүү керектир, же диспетчерлик кызматты ишке киргизүү туурадыр. Башкысы, жарандар кайсыл ооруканага барууну так билиши керек. Албетте, тез жардамга кайрылсаң болот, бирок аларды жумуштарынан алаксыткан да болбойт», - деди Д. Бекешев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы