Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Бишкекте жаңы заманбап оорукана курулат

    ЖК депутаттары 28-июндагы жыйында “Джидда шаарында 2017-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралды.

    Мыйзам долбоорун талкуунун жүрүшүндө, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев №3 балдар ооруканасынын аймагына эл аралык стандартка жооп берген заманбап оорукана курула турганын белгиледи.

    Сөз алган депутат Альфия Самигуллина үчүнчү балдар ооруканасы тууралуу сөз болуп жатса, калган эки оорукана кайсыл экендиктерине кызыкты. Министр Бишкекте бир гана балдар ооруканасы бардыгын маалымдады. «СССР маалында, мындан 40 жыл мурда 5 балдар ооруканасы бар болчу, СССР урагандан кийин 1 гана оорукана калып, ал формалдуу түрдө үчүнчү балдар ооруканасы деп аталып келет», - деди Т. Батыралиев.

    Эл өкүлү аталган оорукананын аталышын карап чыгуу зарылчылыгын айтты. Ошондой эле ал айрым депуттардын Бишкекте инфраструктуралык объекттер курулуп жатат деп айткандары менен макул эместигин билдирди. «Көптөгөн долбоорлор, донордук жардамдар периферияга жөнөтүлүүдө. Кээде аймактагы ооруканалардын жабдылуусу шаардагылардан жакшы экенин көрүп жүрөбүз. Бир нерсени эске алуу керек, Бишкекке оор абалдагылар келишет. Анткени, Бишкек жогорку квалификациядагы медициналык жардамдарды берүүчү борбор катары саналат», - деди ал.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы