Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов Оштогу жылуулук борборун көмүргө өткөрүүнү тездетүүгө чакырды

    Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 27-июндагы жыйынында депутаттар «Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карашты.

    Талкуунун жүрүшүндө, эл өкүлү Улан Примов өнөр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин көңүлүн Оштогу жылуулук борборун көмүргө өткөрүүнү тездетүү маселесине бурду.

    Анын айтымында, импорттолгон мазут менен газды пайдалануу ишкана үчүн өтө кымбатка турууда, ал эми атамекендик көмүр пайдалануу чыгымдарды азайтмак. Аны менен жарандарды жыл бою ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга да  мүмкүн болмок.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы