Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун Орозо Айт күнү менен куттуктоосу

    Кымбаттуу  мекендештер!

    Кадырлуу  мусулмандар!

    Өзүмдүн жана СДПК фракциянын атынан Сиздердин баарыңыздарды Орозо Айт күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

    Ыйык майрамды ар бир мусулман зор үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тообо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат.

    Жакшы тилектериңер, асыл максаттарыңар  кабыл болуп, изги ниеттериңер орундалсын!  Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!

    Жараткан Сиздерге мээримин төгүп, жакшылыктарын аябасын! Жараткан  жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак, береке, токчулук жана молчулук  берсин!

    Айтыңыздар маарек болсун!

 

 СДПК фракциясынын лидери

Иса Омуркулов