Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов Улуу Британиянын элчиси менен жолугуп, кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашты

    Бүгүн, 21-июнда СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов Улуу Британиянын КРдагы элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кеңири маселелерди талкууга алышты. Атап айтканда, өлкөдөгү коомдук-саясий абал, парламенттик демократияны өнүктүрүү, мамлекеттер аралык кызматташууну чыңдоо жана парламенттер ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу сүйлөшүүнүн темасы болду.

    Робин Орд-Смит Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасын өнүктүрүү кандай жүрүп жатканына кызыкты.

    Фракция лидери Иса Омуркулов СДПКнын басып өткөн жолу боюнча маалымат берип, 2010-жылдан тартып өлкө туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолуна түшкөнүн белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанда туруктуулук жылдан жылга бекемделип баратканын айтты.

    Мындан сырткары, кызматташууга даяр экенин айткан Иса Омуркулов Кыргызстандагы парламенттик система өнүгүү жолунда баратканын, андыктан бул жагынан бай тажрыйбага ээ Улуу Британиянын бай  тажрыйбалары менен алмашуунун мааниси чоң экенине токтолду.

    Өз кезегинде элчи парламентаризмди өнүктүрүү  жаатында ЖК депутаттарына консультативдик жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жалпы алганда, тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташууну өркүндөтүү, жаңы тепкичке чыгаруу жаатында натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея