Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: Коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу үчүн айып пулдун туруктуу өлчөмүн аныктоо керек

    ЖК депутаттары 21-июндагы жыйында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун карашты.

    Жыйында депутат Айнуру Алтыбаева ар бир зергер буюмдарге теги тагууну сунуштады. Анда башка маалыматтар менен бирге баалуу таштардын бардыгы жөнүндө да маалыматтар камтылат. «Мыйзам долбоору экинчи окууда каралганда, ушул сунушту берген элем, себеби, сатып алуучуда  баалуу зергер буюм жөнүндө толук маалымат болушу зарыл», - деди Айнуру Алтыбаева.

    Эл өкүлү мындан сырткары, мыйзам долбооруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү зарылдыгын да кошумчалады. «Экспертиза мыйзам долбоору күчүнө киргенден кийинки бардык коррупциялык тобокелчиликтерди ачыкташы керек. Мисалы, бир беренеде айып пулдун өлчөмү 5 миңден 10 миң сомго чейин деп жүрөт. Мында төмөнкү босого жогоркудан 2 эсе көптүк кылууда, бул кызмат адамдары тарабынан жеке максаттарда  пайдаланылышы ыктымал. Ошондуктан айып пулдун туруктуу өлчөмүн аныктоо керек, же айырма  минималдуу болушу зарыл», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы