Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Осмонбек Артыкбаев Бишкек-Ош жолундагы көчкүгө каршы туннелди курууну тездетүү зарылдыгын айтты

    ЖК депутаты бул маселени бүгүн, 21-июндагы жыйында көтөрдү. Анда эл өкүлү өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктерген Бишкек-Ош жолунда көчкү жүрүүчү  участкалар бар экенин белгилеп, «Бишкек-Ош жолундагы көчкүгө каршы туруу» долбоору боюнча КР өкмөтү менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу нотасын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алууну тездетүүгө чакырып өттү.

   Анын айтымында, макулдашуу долбооруна ылайык, Япония Бишкек-Ош жолундагы узундугу 460 метрди түзгөн көчкүгө каршы туннелди курууга 38 млн. доллар грант  бөлөт.

   «Макулдашууну ратификациялоону тездетүү керек, анткени, бул маселе мындан 2-3 жыл мурда эле көтөрүлгөн. Жайкы эс алууга кеткенге чейин мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл. Өзүңөр билгендей, учурда Бишкек-Ош жолунда көчкү жүрүү коркунучу жогору. Бул кышта  Токтогулдун жол оңдоо кызматынын 4 жумушчусу кар алдында  калды. Бул кандуу жол экенин моюнга алып, аны максималдуу түрдө коопсуздандыруу кажет», - деди депутат.

    Жыйындын соңунда депутаттар мыйзам долбоорун 3 окууда добуш берүүгө жөнөтүштү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы