Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кожобек Рыспаев алтын казуучулардын ишин жөнгө салуу маселесин көтөрдү

    ЖКнын  отун-энергетика комплекси жана жер кыртыштарын пайдалануу боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында депутаттар «Жер кыртышы жөнүндө» мыйзам долбоорун талкууга алышты.

    Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечиси,  депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору жер кыртышын пайдаланууну жөнгө салууга, жаңы механизм менен процедураларды киргизүүгө жана кемчиликтерди жоюуга багытталганын белгиледи. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө депутаттар менен өкмөттөн 100дөн ашык сунуш келип түшкөнүн, анын ичинде  алтын казуучуларга патент берүүгө уруксат берүү укугун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына берүү  боюнча сунуштар да бардыгын кошумчалады.

    «Тагыраак айтканда, кол менен алтын казгандарга шарттарды жөнөкөйлөтүү каралууда. Ушундай эле шарттар  шагыл, топурак, кум казгандарга карата да сунушталууда. Бирок жарандардын атынан деп экскаваторлорду пайдалануу менен өнөр-жай багытында казуу иштери орун алууда. Мамэкотехинспекция алардын оор техникаларды пайдаланбоосуна күнү түнү көзөмөлдүк кыла албайт», - деди Кожобек Рыспаев.

    Эл өкүлү ошондой эле жеке алтын өндүрүүчүлөрдүн иштери жөнгө салынбаганын айтты. «Алар рекультивация эмне экенин билишпейт, жоопкерчиликтен кабары жок. Эртең алар суунун агымын өзгөртүшүп, жер кыртыштарын буза баштаса кандай болот? Ошондуктан мыйзамдык негизде алардын милдет жана жоопкерчиликтерин кароо керек. Көзөмөл жүргүзүүнү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына берүү туура болот», - деди К. Рыспаев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы