Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев «соттордун каталарын» кечирбөө зарылдыгын айтты

    ЖКнын конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин жыйынында «КР  сотторунун макамы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун талкууга алышты.

    Мыйзам долбоорунун 28-беренесинин 3-пунктуна ылайык, соттук катачылыктарда, соттук акты өзгөртүлгөн учурларда  соттордун дисциплинардык жоопкерчилиги каралбайт. Соттук катачылыктар катары материалдык жана процессуалдык укуктарды туура эмес талкуулоонун натыйжасында келип чыккан аракет саналат.

    Жыйындын жүрүшүндө, СДПКчы депутат Дастан Бекешев «соттук катачылык» түшүнүгүн жокко чыгарууну сунуштады.

    «Элестетип көргүлө, жарандык сот иши өтүүдө. Соттун туура эмес чечиминин аркасында жарандар убакыттарын, акчаларын жана нервдерин коротушат. Жаран доо-арыз менен кайрылганда мамлекеттик пошлинаны төлөшү керек. А соттор эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Мыйзамда соттун жоопкерчилиги каралуусу үчүн ал канча «соттук катачылыктарга» жол берүүсү керектиги жазылган эмес. Кандайдыр чектөөлөр жок. Ошондуктан бул норманы жокко чыгаруу керек, анткени, биз соттордун катачылыктарга жол берүүсүн мыйзамдаштырып жатабыз. Демек, ага чектен чыгып, катачылык кетирип, анан «кечиргиле, мен бул жерден жаңылыштым» деп кутулса боло берет экен да. Ал эми жарандардын укуктары бузулганын ойлогон эч ким жок. Мага мыйзам долбоорун жазып жатканда, силердин бөлүмгө Жогорку Соттон жардам бергендей сезилип жатат. Себеби, силер соттордун укуктарын катардагы жарандардын укуктарынан жогору коюпсуңар. Канча деген жарандар акыйкаттык таба албай жүрүшсө, биз мында өзүбүз мыйзам долбооруна  акыйкатсыздыкты киргизип  жатабыз», - деди Дастан Бекешев.

    Эл өкүлдөрүнүн белгилөөсүндө, бардык бийлик бутактарында акыйкаттыктын бирдиктүү принциптери сакталышы кажет.

    «Эгерде жарандык ишпи, кылмыш ишиби, жарандарды соттордун катачылыктарынан камап койсо, бул үчүн соттор жооп бербейт. Анда ушундай логикадан чыгып, медиктерге туура эмес операция кылганы үчүн катачылык укугун берели. Министрлерде мындай укук жок, аларды кызматтарынан кетиребиз, жактоочуларда да жок – алардан лицензияны алып коебуз, соттор гана өзгөчө каста», - деди эл өкүлү.

    Талкуунун соңунда комитеттин мүчөлөрү Дастан Бекешевдин «соттордун катачылыгы» түшүнүгүн алып салууну колдошту.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы