Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абтандил Кулбараков шайыр апалардан кабар алды

    2017-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков Жумгал районундагы республикалык кароо-сынактарга катышып жүргөн шайыр апалардын абалы менен таанышып, алардын кем каржысын толуктап берүү максатында материалдык жардамын көрсөттү.

    Депутат жалпы эсеби 130 000 сом өлчөмүндөгү каражатка 20дан ашык шайыр апаларга ар кандай улуттук аспаптарды жана улуттук кийим кечелерди райондук маданият үйүнө чогултуп тартуу кылды. Аталган иш-чара “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жасалып, элеттик таланттарды колдоого багытталган. Эл өкүлү маданиятыбыздын өнүгүшүнө, элет элинин рух-духун көтөрүүдө шайыр апалардын ордун баса белгилеп, аларга бекем ден-соолук жана чыгармачылык ийгилик каалап кетти. Ал эми шайыр апалар ЖК депутатына  өз ыраазычылыктарын билдиришип, ак тилектерин айтып, баталарын беришти.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея