Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Асылбек Жээнбеков: Кыйылган дарактардын ордуларына кайрадан көчөттөр отургузулушу керек

    Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында  «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамынын бириктирилген долбоору талкууга алынды.

    Талкуунун жүрүшүндө, СДПКчы депутат Асылбек Жээнбеков мыйзам долбоору кабыл алынса, арча, карагайлар кыйылууга жатарын, бирок кыйардан мурда бирөөгө жүз деген принцип менен ошол жерге 100 көчөт отургузулушу керектигин белгиледи. «Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жылына мынча, тигинче көчөт отургуздук» деп отчет берет. Ал отчетко ишенсек, Кыргызстандын жарымы токой болуп калышы керек. Бирок андай эместигин баарыбыз билебиз. Айтайын дегеним, бул мыйзам долбоору аркылуу  каерден кыйылып, ордуна көчөт отургузулганы жатса, ошол боюнча кеңири маалымат болуусу керектигин киргизип коелу. Бул отчетко да киргизилүүгө тийиш. Жергиликтүү эл, коомчулук, биз  кийин отургузулган көчөттөр боюнча маалыматтарды сурап алгыдай болсун.  Болбосо, буга чейин болуп келгендей көчөттөр отургузулуп, курулай отчеттор берилип  келе берет. Бир дарактын ордуна жүз дарак отургузулуп, кыйылган дарактардын ордуларынын  токойлорго айлануусун ойлонууга тийишпиз», - деди Асылбек Жээнбеков.

    Талкуунун  соңунда депутаттар тарабынан айтылган сунуш, пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы