Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Жерлерди берүүнүн так механизми болбосо, бир да инвестор келбейт!

    Мындай пикирин башкы СДПКчы  Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 19-июндагы жыйынында билдирди. Анда депутаттар чакан ГЭСТерди куруу үчүн инвесторлорду тартуу маселесин карашты.

    Жыйындын жүрүшүндө СДПК фракциясынын лидери  чакан  ГЭСти курууга катышкан инвесторго жерлерди берүүнүн механизми жоктугун сынга алды.  «Эмне үчүн ушул күнгө чейин чакан ГЭСтерди курууга инвесторлор келбей жатат? Себеби, өкмөт ГЭСтерди курууга жерлерди берүүнүн механизмин иштеп чыга албай жатат. Же ушул маселени мыйзам аркылуу чече албай койду. Бүгүн да тендер өткөрсөңөр, бир да инвестор келбейт. Ишенип койгула! Тендердин эртеси «жер чечилгенби?» деп сурайт. Жок деген жоопту алгандан кийин инвестор келген жагына кайра кетет. Жерлерди ээлеп алгандар, ижарага алгандар кымбаттаса сатам деп коюп олтурушат. Өкмөттүн курамына бардык министрлик, ведомстволор кирет, өзүңөр отуруп алып ушул маселени чечпейсиңерби! Механизмин так иштеп чыксаңар, инвестор тендерден утуп эле эртеси иштей баштамак. Ток этерин айтсам, бул мыйзам долбоору чийки, механизмдер аягына чейин иштелип чыккан эмес. Бул мыйзам долбоору менен бир да инвестор келбейт! Өкмөттүн өкүлүнө кайрылам, бул маселени артка кайтаруу керек», - деди Иса Омуркулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы