Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Депутаттар мугалимдердин пенсияларын 2 эсе жогорулатууну колдошту

    Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 19-июндагы жыйынында депутаттар «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

    Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Евгения Строкова, Гүлкан Молдобекова, Чыныбай Турсунбеков, Иса Омуркулов, Альфия Самигуллина, Улан Примов, Дастан Бекешев, Аалы Карашев, Осмонбек Артыкбаев, Абдывахап Нурбаев.

    Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору  орто мектептерде мугалим болуп иштешкен  пенсионерлерди социалдык жактан коргоого байланышкандыгын билдирди.

    «Мыйзам долбоору менен 20-25 жыл, 25 жылдан ашык иштеген мугалимдердин пенсиялары көбөйтүлөт. Эсеп менен алганда, мектепте 20-25 жыл иштеген мугалимдер 10 146 сом ала алышса,  25 жылдан көп иштегендер 12 933 сом алыша башташат», - деди Дастан Бекешев.

    Депутат белгилегендей, мыйзам долбоорунун башкы максаты – мындай маанилүү кесип ээлеринин татыктуу карылыгын камсыз кылуу, «мугалим» деген кесиптин престижин көтөрүү менен жаш мугалимдерди тартуу. Мындан сырткары, мыйзам долбоорунун иштей баштоосу билим берүүнүн сапатын жакшыртууну шарттайт. Д. Бекешев маалымдагандай, мыйзам долбоору бюджеттен кошумча 1 млрд. 173 млн. сомду талап кылат.

    Талкуунун соңунда депутаттар мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы