Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Мурадыл Мадеминов: Бишкектин келечектеги өнүгүү планы жаңы мектептерди курууну да өзүнө камтышы керек

    ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин 10-июнундагы жыйынында 16 мектепти куруу үчүн Сауд фондунан алынчу 30 млн. долларды алуу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды.

    Жыйындын жүрүшүндө, СДПКчы депутат Мурадыл  Мадеминов кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырып, бул билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга түрткү болорун белгиледи.

    «Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкы интенсивдүү түрдө көбөйүп, 6 млн. 300 миңди түзүп калды.  Демографиянын өсүүсү менен мектептерде орундардын тартыштыгы байкалууда. Бул өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында күч. Эгерде мамлекет өз убагында мектептерди курганда, маселе мынчалык курчумак эмес. Бирок социалдык объекттерди куруу 2010-жылдан тартып гана башталды. Мисалы, акыркы жылдары эле  жүздөгөн жаңы мектептер курулду», - деди эл өкүлү.

    Депутат ошондой эле курулуш агенттигине кайрылып, Бишкек жана Ош шаарларында мектептерди куруу зарылдыгына көңүл бурду. «Бишкекте калк жыш болуп баратат, суроо-талапка  жараша курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү тургузууда. Мектептерде 1 класста 40-45 бала 3 нөөмөт менен окушууда. Тилекке каршы, мэрлердин бири да Бишкектин келечектеги өнүгүү планын түзүшкөн жок. Социалдык объекттерди куруу болсо унутулду. Ошондуктан шаардын деталдык планын түзүүдө социалдык багыттагы объекттерди курууну да эске алуу кажет. Мен мыйзам долбоорун колдоого, каржынын бир бөлүгүн социалдык мекемелерди курууга жумшоого чакырам», - деди М. Мадеминов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы