Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов: Эгерде жаңы конуштардагы 49 жол оңдолсо, эл туруп кол чапмак

    Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын жыйынында депутаттар Кыргызстандагы жолдорду куруунун жана ремонттоонун абалын талкууга алышты.

    Жыйындын жүрүшүндө, борбор калаанын жолдорунун курулушу Жол инфраструктурасын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Ага ылайык, жолдорду өнүктүрүү 3 фаза менен жүргүзүлөт. Концепциянын толук  ишке ашырылуусу менен 49 жол оңдолуп, түздөлөт.

    «Бюджеттин калган каражаттары кичи райондордун жолдорун оңдоого жумшалмакчы. Көз карандысыздыкка жетишкенден бери алгачкы жолу массалык түрдө жолдорду ремонттоо иштери жүрүүдө. Кичирайондордун жолдору биринчи жолу ремонттолууда», - деди Марат Аманкулов. Муну  айтуу менен ал аталган Концепция СДПК партиясынын шайлоо алдындагы платформасына киргизилгенин кошумчалады.

    Мындан сырткары, эл өкүлү концепция шаарды жашылдандыруу иштерин да өзүнө камтый турганын белгиледи.  «Туура маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, антпесе, шаарды жашылдандыруу эмес, дарактарды кыюу иш-аракеттери катары кабыл алууда. Эгерде жаңы конуштардагы 49 жол ремонттолгондо, эл туруп кол чапмак. Эмне үчүн шаардын борборунда мындай резонанс болууда? Анткени, мында эл көптөн бери жашайт, ошондуктан жолдо ремонт болсо да убактылуу ыңгайсыздыктар жаралып, натыйжада ушундай реакциялар болууда. Жол куруу дайыма белгилүү бир тоскоолдуктар менен коштолуп келет. Мындай учурда алгач эл чындап чыккан болсо, кийин комментарийлерден, маектерден анык болгондой, акция жана пресс-конференцияларды өткөрө башташты. Учурда туура саясат жүрүп атат, бирок аны кээ бирлер туура эмес өңүттө жеткирүүгө аракет кылышууда», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы