Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

ДЕПУТАТ ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ: “ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ, АЛ АР ТАРАПТУУ ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ”

 

      Жогорку Кенештин депутаты Осмонбек Артыкбаев өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен бирге Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек, Өзгөрүш, Ничке-Сай айылдарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда “Жаратылыш паркын” ачуу демилгеси талкууланды. Осмонбек Артыкбаев шаар менен айылдарга чоң таасирин тийгизип, келечекте жалпы калкка өз пайдасын берүүчү маселе менен келип отурганын белгиледи. 

     “Биз улуу калктын урпактарыбыз, тарыхый татаал жолду басып өттүк. Биз эч кандай кыйынчылыктарга карабай, кыргыз уюткусун түзүп алдык. Калктын 99 пайызы билимдүү, өнүгүү-өсүү жолунда баратат. Мындан ары дагы өнүгүү багытына бет алышыбыз керек. Бир катар депутаттар тарабынан демилгеленген “Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Баарына таптакыр тыюу салып койгондо да болбойт. Биз баарын айкалыштыруу менен, Жаратылыш паркын түзүү демилгесин көтөрдүк. Ал жаратылыш коопсуздугун эске алуу аркылуу чарба иштерин жургүзүүгө, жан-жаныбарларды сактап калууга, жергиликтүү элди иш менен камсыз кылууга шарт түзөт”, - дейт депутат Осмонбек Артыкбаев.

      Эл өкүлү Кытайдын Сы-Чуань провинциясы кадимки Панданы багып өстүрө турганын, туристтерден ири өлчөмдөгү каражаттарды табарын, экотуризмди өнүктүрүп, элдин жашоосун дагы жакшыртып, инфраструктураны өнүктүрүүгө болорун кошумчалады. “Бири-бирибизди колдоп, колдо бар ресурсту туура пайдаланалы. Мындай долбоордун аракети менен дагы бир топ жакшы шарттар ачылганы турат. Буюрса, дүйнө эли кереметтүү кыргыз жергесине суктанып, алар менен кошо кыргыз журту өнүгөт”, - деди депутат.

      Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарбасы агенттигинин Токой жана аңчылык департаментинин директору Сабыр Чукумбаев 2015-жылы Тогуз-Тородо аянты 135 миң гектар жерге ”Каначу” жаратылыш паркы уюшулганын билдирди. “Ал жерде кийиктин көп экени байкалган. Эки жыл ичинде элдин аң-сезими кыйла өзгөрдү. Изилдөөлөр тоо эчкилери түштүк кырка тоолор менен байланышта экенин көрсөттү. Алар кышкысын Кетмен-Төбө өрөөнүндө кыштагандыктан, табигый кан алмашуу жүрөт. Бул жерде болжол менен 49 миң гектар жерге жаратылыш паркын ачууну көздөп турабыз. Азырынча аны “Кара-Суу” атап койдук”, - дейт ал.

      Ал эми Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев ушу тапта илбирсти сактоо боюнча эл аралык деңгээлдеги аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. “Бизге президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоо көрсөтүүдө. Ак илбирсти сактоо аркылуу баардык жаныбарларды көбөйтсө болот. Корук бул талапты өтө катуу койгон, жака-бели торолуп тыюу салынган жер болот. Ал эми Жаратылыш паркы чарбалык иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Азыр экологиялык туризм жакшы өнүгүүдө. Эл өзүн дал ушул жандуу жаратылыштын бир чүрпөсү катары кабылдашы зарыл”, - дейт ал.

      Үч айылдын тургандарына мындай жаңы демилге жаңылык катары туюлары бышык. Алардын пикиринде, мектепке балдар үчүн атайын окууларды киргизүү керек. Анткени, тоолордо дартка даба өсүмдүктөр менен мөмө-жемиштер арбын.

      Белгилей кетсек, Гватемала өзүнүн улуттук Тикаль паркы менен дүйнө жүзүнө археологиялык эстеликтерди сактап калганы аркылуу белгилүү, Венесуэла жаратылыш берген шаркыратмалар менен туристтерди өзүнө тартып келет. Эквадордо 200 жыл жашаган ташбакалардын бир топ түрүнүн коопсуздугу камсыздалган. Кыргызстан дагы акырындык менен экотуризмди өнүктүргөн жашыл парктардын катарын толуктайт деген ишеним бар.

      КР ЖК Басма сөз кызматы

Фотогалерея