Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Өмүркулов УАМ согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктайт

Жогорку Кеңештин СДПК парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун  1941-1945-жж. УАМ согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктоосу:

   Урматтуу мекендештер! Урматуу согуштун жана тылдын ардагерлери!

   Офицерлер жана генералдар!

    Сиздерди  9-Май Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн  куттуктайм!

   Ардактуу ардагерлер!  Сиздердин согуш майданындагы эрдигиңиздер менен биз Улуу Жеңишке жетишип,  тынчтыкта, бейпил турмушта күн  кечирип жатабыз. Сиздер алып келген Улуу Жеңишке быйыл 72 жыл болду. Бул  Жеңиш оңой келген жок, Сиздердин баатырдыгыңыздар, ооруктагыларын  кажыбас кайраттары, күжүрмөн эмгектери  аркасында келди. Канча деген балдар жетим, нечендеген апалар  жесир калышып, миңдегендер жакындарын жоготушту. Алардын эрдиктери эч качан унутулбайт, алардын элестери түбөлүккө жашай берет.

    Кыргызстандан 363 миңден ашык адам кан майданга аттанышса, алардын үчтөн бири баатырларча курман болушту. Жүз элүү миңден ашык мекендештерибиз эрдиктери үчүн ордендер, медалдар менен сыйланышты. Алар бизден  кийинки муундардын жүрөктөрүндө түбөлүккө жашай берет.

    Мезгил өткөн сайын Улуу Жеңишти алып келгендердин катарлары суюлууда. Согуш талаасында курман болгондорду, арабыздан өтүп кеткендерди даңазалап, арабызда жүргөндөргө урмат-сый, камкордук кылуу биз үчүн парз.

    Биз тынчтыкта  төрөлүп, өсүп,  эркин өлкөдө жашаганыбыз үчүн башыбызды ийип, Сиздерге таазим этебиз!  Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

     Урматтуу ардагерлер! Сиздерге чың ден-соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайм. Атамекенибиз  гүлдөп өсө берсин!

     Жеңиш майрамыңыздар  менен!