Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов: Шайлоо күрөөсү менен 9 %дык босоголук чекти киргизүү саясий маданиятты жогорулатат

    Жогорку Кеңештге бүгүн шайлоо системасына байланыштуу парламенттик угуу өтүп, анда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору талкууланды.

   Талкуунун жүрүшүндө депутат Марат Аманкулов киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдой турганын билдирип, ал шайлоо процесстеринин сапатынын жакшыруусуна алып келерин айтты. «Мыйзам долбоору боюнча иш алып барган жумушчу топтун мүчөлөрү теоретикалык эле эмес, практикалык да тажрыйбага ээ. Мен киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдойм, анын кабыл алынуусу менен шайлоолор таза, ачык-айкын өтө баштайт. Алсак, шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн  жогорулатуусу  жана партиялар үчүн 9 %дык босоголук  чектин киргизилүүсү эң эле туура. Бул саясий маданиятты жогорулатуу менен аймактык эмес, мамлекеттик, жалпы улуттук партиялардын түзүлүүсүн  шарттайт», - деди М. Аманкулов.

   Ошондой эле депутат мыйзам долбоорунда  шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга, инновациялык жетишкендиктерди,  гендердик, этникалык, жаштар квоталарын киргизүүгө, ыплас шайлоо технологияларын колдонууну жокко чыгарууга  багытталган башка нормалар да каралып жатканын айтты.

   Мындан сырткары, Марат Аманкулов өзүнүн сунуштарын да берип, өздөрүн тизмеден таппай калган жарандардын арыздарын БШК милдеттүү түрдө кароосу зарылдыгын белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы