Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңешке аялдардын көп болуусун колдоого алды

    Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңеште шайлоо системасына жакшыртууну караган парламенттик угуу өтүүдө. Анда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  мыйзам долбоору талкууланууда.

    СДПК фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 16-бөлүгүнүн 2-абзацындагы «үч позициядагы», дегенди «эки позициядагы» дегенге алмаштырууну сунуштады. «Эркектердин жана аялдардын бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрүнө мамлекеттик кепилдик жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык, мамлекет партитеттүү демократияга жетишүү үчүн жыныстык жактан азчылыкты түзгөн талапкерлерди колдоо үчүн чектөөлөрдү киргизе алат. Учурдагы конституциялык мыйзамдын талабы Жогорку Кеңештеги аялдардын санын жалпы курамындан 30 %на  жеткире албай жатат», - деди А. Алтыбаева.

    Депутат  белгилеп өткөндөй, ушул себептен улам талапкерлердин тизмесиндеги аялдардын кезек күтүү  катарын  үчүнчүдөн экинчиге түшүрүү сунуш кылынууда.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

 

 

Фотогалерея